Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО II АЙЛАМПА: ЖАЛАЛ-АБАДДА 54 ТАЛАПКЕР ТЕСТТИ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 527

2022-жылдын 21-сентябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.

post.title

Буга чейин Жалал-Абад облусунда 132 бош орун бар экендиги жарыяланган:  https://edu.gov.kg/posts/819/

II айлампага катышуу үчүн жалпы 269 талапкер документ жиберип, анын 221и тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Компьютердик тестирлөөгө 212 талапкер катышып, 9 адам сынакка келген жок.

Жыйынтыгында 54 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 25%ын түзөт.

Тизме

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар