Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАТКЕН: ЖАРАНДЫК-МЕКЕНЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 897

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрук чыгарды.

post.title

Буйрукка ылайык, төмөнкүлөрдү уюштуруу белгиленди:

  • билим берүү уюмдарында - Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларды жана  жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;
  • “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы, “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;
  • мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
  • Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.

Буйрук

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар