Көрүлдү: 1077
2022-жылдын 1-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык жана конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн 30-августта министрдин буйругу менен мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик символдорду колдонуу боюнча Усулдук сунуштар бекиди.
/media/uploads/2022/08/30/1_3ZQE93I.docx