Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ЖККУга – 30 ЖЫЛ! БИЗ БИРГЕ КҮЧТҮҮБҮЗ!” ЖАРЫЯЛОО СЫНАГЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ III ОРУНДУ ЖЕҢИП АЛДЫ

Көрүлдү: 864

Бүгүн, 2022-жылдын 18-августунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун бөлүм башчысы Руслан Ахметшинди “ЖККУга – 30 жыл!Биз бирге күчтүүбүз!” жарыялоо сынагында III орунду алышы менен куттуктады.

post.title

Сынак 2022-жылдын 13-майынан 1-июнуна чейин өтүп, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 20 жылдыгына арналган.

Руслан Ахметшин социалдык тармакка “ЖККУнун тарыхы жана ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттары” деген темада баяндамасын жарыялаган.

Ошондой эле Руслан Юрьевич саясат таануу боюнча магистрдик диссертациясынын темасы ЖККУнун ролуна арналгандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Руслан Ахметшин кыргызстандык окуучу биринчи орунду жеңип алган Өз мекениң жөнүндө дүйнөгө айтып берэл аралык сынагы тууралуу маалыматты таратууга көмөк көрсөткөн  https://edu.gov.kg/posts/553/.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар