Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫ ЖАНА АШКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК БОРБОРУНДА ОКУТУЛАТ

Көрүлдү: 1012

Бүгүн, 17-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Хильке Дэвид менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жыйынтыгында министрдин орун басары БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Республикалык компетенттүүлүк борборун уюштуруу чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Республикалык компетенттүүлүк борборунда мектеп ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери меню түзүүгө жана калорияларды эсептөөгө, жаңы технологиялар боюнча тамак даярдоого окутулат. Борбор И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ачылат.

Кыргызстандагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы бир нече жылдан бери мектептерди ысык тамак даярдоо үчүн ашкана жабдуулары менен жабдууга, мектеп бакчаларын жана күнөсканаларын тамак-аш менен камсыз кылууга, мектеп ашпозчуларынын квалификациясын жогорулатууга жардам берип, мектеп тамак-ашына мониторинг жүргүзүү үчүн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн 60ка жакын адистерине окутууларды уюштурду.

Мектептеги тамактануунун абалы жөнүндө жыйынтыктар атайын маалымат базасына киргизилет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар