Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЧҮЙДӨ 182 ТАЛАПКЕРДИН 69у ТЕСТТИ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 1140

Бүгүн, 17-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чүй облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

post.title

Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 69 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 38%ын түзөт.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар