Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАЛАС ОБЛУСУНДА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕСТИРЛӨӨДӨ 24 ТАЛАПКЕР БОСОГО БАЛЛДАН ӨТТҮ

Көрүлдү: 655

Бүгүн, 17-августта Талас мамлекеттик университетинде Талас облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

post.title

Тестирлөөгө Талас облусунан 75 талапкер катышкан. Жалпы 113 жаран документин жиберип, анын 37не документтерин толук тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген эмес. Ал эми бир талапкер тестирлөөгө келген жок.

Жыйынтыгында 24 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 32%ын түзөт.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар