Көрүлдү: 3553
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 15-августундагы №1552/1 буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын сынагына документтерди кабыл алуу жарыяланды.
Бишкек шаары боюнча ваканттык орундардын саны – 62.
Катышуучулар документтеринин электрондук(PDF) форматын 10 жумуш күнүнүн ичинде(27-августка чейин) konkurs.bishkek.2022@gmail.com электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.
Талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт.
Талапкерлерди тандоо 3 нөөмөттө өтөт:
1-смена – 8:00 (80 адам)
2-смена – 11:00 (80 адам)
3-смена – 14:00 (80 адам)
Талапкерлерди каттоо – 7:30
Апелляциянын башталышы – 16:30
Тестирлөө күнү кошумча жарыяланат.
Конкурска байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238