Көрүлдү: 972
Эртең, 11-августта Баткен облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат.
Учурда Баткен мамлекеттик университетинде бардык техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлду.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда 98 ваканттык орун бар.
Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.
Конкурска байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238