Көрүлдү: 681
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кесиптик лицейлердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышып, алардын окуу-өндүрүштүк комплекстерин көрүп чыкты.
Окуу-өндүрүштүк комплекстер окуу жайлардын калкка кызмат көрсөтүүсүнө салым кошот.Тейлөө акысын кесиптик лицейлер окуу жайды өнүктүрүү үчүн колдоно алышат.
Окуу-өндүрүштүк комплекстердин негизги максаты - окуучулардын кесипти өздөштүрүүдө чеберчиликтерин жогорулатуу болуп саналат. Мисалы автослесарь, ширетүүчү. Бул дуалдык окутуунун ишке ашырылышы. Мында теориялык негиздер өндүрүштөгү практикалык иш менен айкалыштырылат.