Көрүлдү: 773
Ош шаарындагы Т.Алтыбаев атындагы №113 кесиптик лицейине Германиялык Эл Аралык Кызматташуу коомунун (GIZ) “Кесиптик окуу жайларында жумуш менен колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында 368577,60 сомдук тигүү кесиби боюнча түрдүү жабдуулар берилди.
Буга чейин кесиптик лицейде “Тез тигүүнүн ыкмаларын үйрөтүү” боюнча атайын окутуулар өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, кесиптик лицей Германиялык Эл Аралык Кызматташуу коомунун (GIZ) “Эмгек рыногунун шарттарынын сапатын жакшыртуу” программасы менен 2019-жылдан бери кызматташып келет.