Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
№18 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ШИРЕТҮҮЧҮЛӨР ЖАҢЫ ЫКМА МЕНЕН ОКУТУЛАТ

Көрүлдү: 527

2022-жылдын 2-августунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейге барып, жаңы окуу жылына карата көрүлүп жаткан даярдык иштер менен таанышты.

post.title

Анда министрдин орун басары лицейдин техникалык базасы менен  таанышып, виртуалдык ширетүүчү аппаратты колдонуп көрдү.

Лицейде заманбап машыгууларга арналган беш даана виртуалдык ширетүүчү Soldamaticаппараты орнотулган. Бул аппарат менен ширетүү боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт. Лицей аталган виртуалдык аппаратты колдонгон Борбор Азиядагы жалгыз окуу жай.

Бул аппарат 2021-жылы Германиялык Эл Аралык Кызматташуу коомунун (GIZ) “Кесиптик окутуу жана ишке орноштурууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында алынган. Буга кошумча лицейдин “Электр жана газ менен ширетүүчү” кесиби боюнча окуу кабинети жана устаканасы оңдолуп, заманбап окуу жабдуулары жана эмеректер менен жабдылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар