Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АБИТУРИЕНТ-2022: ТҮРКИЯДА ЖАШАГАН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА 10 БЮДЖЕТТИК ОРУН БӨЛҮНДҮ

Көрүлдү: 577

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жождорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлгөн.

post.title

Анын ичинен Түркия Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 10 квота бөлүндү.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси жана саны:

 

ЖОЖ

Адистик

Бош орундардын саны

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

Филология (Англис тили)

2

 

Филология (Кыргыз тили жана адабияты)

3

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети

Филология (Кыргыз тили, орус тили)

2

 

Тарых

1

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

 

Филология (Манас таануу)

2

Жалпы

 

10

 

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

Ошондой эле 2022-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Керектүү документтер:

1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт жок болгон учурда), орус же кыргыз тилине котормосу менен.

2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).

5. Медициналык күбөлүк 086-у.

6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!

Техникалык текшерүү

Кабыл алуу аяктагандан кийин (2022-жылдын 19-августу саат 23:59) бардык келип түшкөн арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.

Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.


Конкурстук тандоо

Сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген Тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр программаларына конкурстук тандоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

- компьютердик тестирлөө.

Болжолдуу түрдө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 2022-жылдын 25-августунан 26-августуна чейин өткөрүлөт.

Онлайн системасында (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Эгерде талапкер жүйөлүү себептер менен жеке тандоо стадиясында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, Тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режиминде өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.

Конкурстук программага катышуу тууралуу маалыматтар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар