Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 635

Бүгүн, 4-августта Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен жолугушту.

post.title

Кыргызстанга АКШдан Тынчтык корпусу аркылуу 11 директор, 11 мугалим жана 11 ыктыярчы келген.

Министр жолугушууда акыркы 30 жылда 1000ден ашык адам Кыргызстанда Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары болуп иштегенин айтты.

“Биздин өлкөгө терең ишеним менен келген ыктыярчыларды жаңы багыттагы ишмердүүлүгү менен куттуктайм. Буга чейин өлкөдө иштеген ыктыярчылардын көптөгөн муундары мугалимдерди окутуу менен жаштарды өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырышты. Ошондой эле жүз миңден ашык адамга англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, жайылтууга жардам беришти”, - деп билдирди Алмазбек Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет. Учурда министрлик жана корпус тарабынан ыктыярчылардын санын көбөйтүү боюнча иштер аткарылууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар