Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЛЕТ МЕКТЕБИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

Көрүлдү: 438

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов    "Maria Taglioni LE PAPILLON" классикалык жана заманбап бий аткаруучуларынын эл аралык сынагынын лауреаттарын кабыл алды.

post.title

Министрдин орун басары окуучуларды жеңиши менен куттуктап, аларга белектерин тапшырды.

 

2022-жылдын 15-18-июлунда Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык сынакта Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги Жамиля Туляеванын жетекчилиги астында “Антре” балет студиясынын окуучулары 2-орунду жеңип алышты.

Ошондой эле жеке аткарууда Атабиева Аминат жана Рашалиева Алия “Заманбап бий” номинациясында 2-орунга болушту.

Белгилей кетсек, “Балдар балет мектеби” эл аралык сынагын Санкт-Петербург шаарындагы Эл аралык хореографтардын союзу уюштуруп келет. Ага 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар катышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар