Көрүлдү: 598
2022-жылдын 28-июлунан 2-августуна чейин Билим берүү жана илим министрлиги жана КРдинУлуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан “Айлана-чөйрөнү коргоо” темасында семинар өтүүдө.
Семинар 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу, Кыргызстандын калкынын экологиялык маданиятын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана “жакшыртуу” боюнча сабаттуулугун, коомдун туруктуу өнүгүүсүн жана жашоо сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган.
Иш-чарага жаш окумуштуулар жана аспиранттар, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын, коомдук фонддордун өкүлдөрү жана Ысык-Көл облусунун тургундары катышат.
Катышуучулар экологиялык көйгөйлөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында коомдун активдүү позициясынын калыптандыруу, экологиялык дүйнө таанымдын калыптанышын, физика, химия, биология жана экологияга болгон кызыгуунун жогорулашын арттырууну талкуулашат. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө Чок-Тал айылындагы көлдүн жээгин тазалоо иш-чара камтылган.