Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КҮЧӨТҮҮ БОЮНЧА ИНСТРУМЕНТТЕРДИН ГЛОБАЛДЫК ТОПТОМУ ЖӨНҮНДӨ СЕМИНАР ӨТТҮ

Көрүлдү: 523

27-июлда билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү боюнча инструменттердин глобалдык топтому жөнүндө семинар өткөрдү.

post.title

Семинарга министрликтин стратегиялык пландоо, мониторинг жана анализдөө бөлүмү, мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмү, Кыргыз билим берүү академиясы, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун кызматкерлери катышты.

Жыйынтыгында катышуучулар сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча план иштеп чыгышат.

Семинар Глобалдык билим берүү фонду тарабынан каржыланган “Өлкө масштабында мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар