Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН МАСТЕРЛЕРИ МЕКТЕПТЕРДИН ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДЫН АШПОЗЧУЛАРЫН ОКУТАТ

Көрүлдү: 1635

2022-жылдын 18-июлунан 22-июлуна чейин Ильяс Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинин кызматкерлери “Мектептеги тамактанууга негизги мүнөздөмөлөр, өзгөчөлүктөр жана талаптар” темасында квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүштү.

post.title

Курстарды аяктаган Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарындагы кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окуусунун 21 мастери мындан ары аймактардагы мектептердин жана бала бакчалардын ашпозчуларын окутат.

Аталган окутуу Мерсико программасы боюнча уюштурулган. Курстун аягында катышуучуларга Билим берүү жана илим министрлигинин жана Мерсиконун сертификаттары тапшырылды.

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар