Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН БАШКАРУУНУН КУРАЛЫ КАТАРЫ

Көрүлдү: 565

2022-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин кесиптик компетенцияларды көз карандысыз сертификациялоо боюнча семинар өткөрүлдү.

post.title

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.

Иш-чарада кесиптик билим берүүнүн сапатын башкаруунун куралы катары көз карандысыз сертификациялоонун оң жана терс жактары, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү, өнөктөштөр менен кызматташуу талкууланды. Семинардын жыйынтыктары катышуучу уюмдардын чечимдеринде эске алынат.

Саамалык GIZ (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit - Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча агентствосу) “Кыргызстанда ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар