Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПРЕЗИДЕНТ 5 ЖОЖго ӨЗГӨЧӨ СТАТУС БЕРҮҮ ЖАНА БИР КАТАР МАМЛЕКЕТТИК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ТУУРАЛУУ ЖАРЛЫККА КОЛ КОЙДУ

Көрүлдү: 774

2022-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо, дүйнөлүк рынокто мамлекеттик ЖОЖдордун потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

post.title

Жарлыкка ылайык, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университетине кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия каралган өзгөчө статус берилет.

Жарлыкка ылайык, төмөндөгү мамлекеттик жогорку окуу жайларды кайра уюштуруу жүргүзүлөт:

- М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финасылык-экономикалык техникумун кошуп, ага илимий-изилдөө университети статусун ыйгаруу менен;

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу менен;

- Ош мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу менен;

- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университетин кошуу менен.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар