Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨКҮЛДӨРҮ БОЛГАРИЯДАГЫ ОКУТУУ ТУРУНА КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 623

15-июлда “Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү” долбоору боюнча окутуу туру башталды. Ага Кыргызстандан Билим берүү жана илим министрлигинин, кесиптик лицейлердин жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

post.title

Болгариянын Улуттук кесиптик билим берүү жана окутуу агенттигинин Адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун аткаруучу директору М.Балабанов  менен болгон жолугушууда чоңдорду окутуу, формалдуу эмес окутууну таануу, окутуунун натыйжаларын валидациялоо жана кесиптик билим берүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Экскурсиянын катышуучулары Сандан шаарындагы кесиптик орто мектепте болушту. Анда кесиптик билим берүү жана окутуу багыттары боюнча EQF, NQF, ECVET жана Болгариянын улуттук билим берүү стандартынын талаптарына ылайык кадрларды даярдоо жүргүзүлөт.

Аталган тур Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “E-QUALITY” долбоорунун алкагында уюштурулган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар