Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ БАЛКАН ОЛИМПИАДАСЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Көрүлдү: 1332

Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Федор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.

post.title

Аталган олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:

1. Фёдор Корнияш -  Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицей;

2. Абдумалик Турсунов - Келечек-MIT;

3. Сейит Рыскулов - Газпром-Кыргызстан мектеби;

4. Нурсултан Эшперов - Газпром-Кыргызстан мектеби.

Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар