Көрүлдү: 1862
Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (IAAR) Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын көз карандысыз рейтингинин — 2022 жыйынтыгын чыгарды. IAAR 261 билим берүү программасынын рейтингин түздү. Бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 12% га көп.
Билим берүү программалары 15 индикатор боюнча бааланып, 4 топко бириктирилген:
- таланттуу студенттердин, окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн жогорку концентрациясы;
- академиялык мобилдүүлүк;
- бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү;
- илимий басылмалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү.
Рейтингдүү билим берүү программаларынын саны боюнча лидерлер:
- Ош мамлекеттик университети,
- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,
- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети,
- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,
-Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,
- Эл аралык инновациялык технологиялар университети.
2022-жылдын көз карандысыз рейтинги көрсөткөндөй, билим берүү программаларынын 92% Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тааныган эл аралык жана Улуттук аккредитациялык агенттиктерде аккредитациядан өткөн. Эл аралык аккредитациядан билим берүү программаларын ийгиликтүү тапшыргандар:
-И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,
-Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,
- Ош мамлекеттик университети,
- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети.
Талдоо билим берүү программаларынын сапатын жана актуалдуулугун иш берүүчүлөрдүн канааттануусунун 25% га жогорулагандыгын көрсөттү. Жумушка орношкон бүтүрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,5% га өстү. 2021-жылы жумушка орношуунун орточо көрсөткүчү 68,8% ды түзгөн. Иш менен камсыз кылууда эң жогорку көрсөткүчтү – IT техникалык жана педагогикалык адистиктер көрсөттү.
“Академиялык мобилдүүлүк” көрсөткүчүнө ылайык, позитивдүү динамика байкалат. Бул көрсөткүч 12% га жогорулаган. Академиялык мобилдүүлүк программаларына анын ичинде чет өлкөлүк университеттерге активдүү катышуучулар белгиленди. Алар:
- Ош мамлекеттик университети,
- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы,
- Эл аралык жогорку медицина мектеби,
- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.
Профессор-окутуучулардын коомдук иштерге активдүү катышуусу 32% га көбөйгөн. Индекстелген журналдар боюнча илимий басылмалардын саны жогорулаган. Бул илимий иштин натыйжаларына жана университеттин изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугуна суроо-талапты көрсөтөт:
- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,
- Ош мамлекеттик университети,
- Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,
- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.
Багыттар боюнча 2022-жылы КРнын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин лидерлери:
“Саламаттык сактоо”:
- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,
- Ош мамлекеттик университети;
“Экономика жана башкаруу”:
- М. Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университети,
- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,
- Ош мамлекеттик университети;
“Айыл чарба”
- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,
“Педагогикалык билим берүү”:
- Ош мамлекеттик университети,
- Ош мамлекеттик педагогикалык университети;
“Автоматташтыруу жана башкаруу”:
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
“Эсептөөчү жабдуулар жана маалымат технологиясы”:
- Ош мамлекеттик университети,
- Эл аралык инновациялык технологиялар университети.
“Транспорттук жабдуулар жана технология”:
- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.
Көз карандысыз рейтингдин жыйынтыктарын www.iaar.agency сайтынан жана “Education. Quality Assurance” журналынан табууга болот.
Кыргыз Республикасынын университеттеринин рейтинги IAAR тарабынан 5 жыл бою өткөрүлөт. IAAR рейтинг методологиясына ылайык, ЖОЖдор жана көрсөткүчтөрдүн объективдүү толтуруусуна жооптуу болушат. Демек, университеттин рейтингдеги орду толтуруунун толуктугунан жана маалыматтарды киргизүүнүн тууралыгынан көз каранды болот.