Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖРТнын СЕРТИФИКАТТАРЫ ТҮСҮ БОЮНЧА АЙЫРМАЛАНАТ

Көрүлдү: 631

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сертификаттардын өңү жылдагыдай эле категорияларга жараша ар башка болот. Мында мектептер төрт категорияга бөлүнөт:

post.title

1. Бишкек шаарындагы мектептер (кызыл түс);

2. Чакан шаарлар менен облустук борборлордогу мектептер (көгүлтүр түс);

3. Айылдык мектептер (сары түс);

4. Бийик тоолуу аймактардагы мектептер (сыя көк түс).

Кабыл алуу учурунда орундар мектептердин ар бир категориясынан берилген талондордун санынын өз ара катышына ылайык бөлүштүрүлөт.

Мектептердин белгилүү бир категориясынын өкүлдөрү канчалык көп болсо, аларга тийген орундардын саны да ошончолук көп болот.

Жалпылап айтканда, ЖОЖдордогу кабыл алуу учурунда конкурс ар бир категория боюнча өзүнчө өткөрүлөт.

Эскертүү!

Эч бир категория үчүн упайлар кошулуп берилбейт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар