Көрүлдү: 164
Бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери министр Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында ишембиликке катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борборунун аймагындагы паркты санитардык жактан тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик борбор калаанын тазалыгын камсыз кылуу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлүп жаткан жалпы шаардык иш-чаранын бир бөлүгү болуп, экологиялык абалды жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.