Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУНАН ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 234

Бүгүн, 10-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордо кесиптик лицейлердин директорлору үчүн квалификациясын жогорулатуу курстары башталды.

post.title

Курстар 10–19-март күндөрү «Заманбап билим берүү системасында жетекчилердин кесиптик компетенциялары. Билим берүүдөгү менеджмент» темасында өтүп, 72 саатка эсептелген. Окутууга республиканын бардык аймактарынан конкурс аркылуу кызматка дайындалган кесиптик лицейлердин жетекчилери катышууда.

Окутууга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акбар Карабаев катышты.

Лира Самыкбаева министрлик тарабынан окуу процессин уюштуруу жана башкаруу үчүн иштелип чыккан санариптик платформалар тууралуу маалымат берип, атайын сессия өткөрдү. Катышуучуларга «Э-Күндөлүк» жана АИС «Мугалим» платформаларына окуучулардын жана мугалимдердин маалыматтарын киргизүү, ошондой эле «Санарип Кампа» системасын колдонуу жолдору көрсөтүлдү.

Ал санариптик платформаларды киргизүү билим берүү процессин башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле билим берүү тармагындагы маалыматтарды системалаштырууга көмөктөшөрүн белгиледи.

Сабактарды жогорку окуу жайлардын илим докторлору жана кандидаттары өткөрүүдө. Курсту аяктап, аттестациялык тесттерди ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар