Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 585

Бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр Кендирбаева англис тили боюнча 10–12-класстардын окуу китептеринин лицензиялык укуктарын алууга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Министр ошондой эле англис тили бүгүнкү күндө бизнес жана технологиянын тили болуп эсептелерин, бул тил аркылуу жаш муундун дүйнөлүк жамааттын бир бөлүгү болууга, экономикалык процесстерге жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык жараянына активдүү катышууга мүмкүнчүлүк аларын белгиледи.

Элчи Николас Боулер министрлик менен кызматташууга, анын ичинде 10–12-класстардын окуу китептерин лицензиялоо жаатындагы ишти улантууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар мектепке чейинки билим берүү жаатындагы кызматташуу сунуштарын талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар