Көрүлдү: 112
Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кол коюу аземине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков катышты.
Меморандумга кол коюу Коомдоштуктардын демилгеси боюнча Улуттук долбоордун алкагында жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү жана кеңейтүүгө колдоо программасын ишке ашырууга старт берди.
Программа төмөнкүлөргө багытталган:
* Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы орун жетишсиздигин кыскартуу;
* Шаар менен айыл жерлеринин ортосундагы аймактык теңсиздикти азайтуу;
* Балдардын мектепке чейинки сапаттуу билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.
Меморандум алкагында 40 айыл аймагында жеке бала бакчаларды түзүү жана кеңейтүү пландалууда, жалпысынан 500дөн кем эмес баланы камтууну көздөйт. Өзгөчө көңүл мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген аял-ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө бурулат.
Мындан тышкары, сапаттуу жана коопсуз билим берүү процесси үчүн климаттык технологияларды колдонуу менен энергияны үнөмдөөчү класстагы «В» сертификатына ээ 10дон кем эмес муниципалдык бала бакча куруу пландалган.