Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТР АГА ХАН ӨНҮКТҮРҮҮ УЮМУНУН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 60

Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (AKDN) Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Доктор Баркат Фазал менен жолугушту.

post.title

Тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын талкуулап, 2026-жылга карата пландар жана демилгелер боюнча пикир алышты.

Доктор Баркат Фазал Ага Хан өнүктүрүү фонду балдардын эрте куракта өнүгүүсү, мектепке чейинки билим берүү, педагогдорду даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу багытындагы иштерди улантууга жана ар тараптуу демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

Министр Догдуркүл Кендирбаева STEM мугалимдерин даярдоо платформасын түзүү, мектептерде STEM лабораторияларын ачуу жана окуучулардын илим жана технологияга кызыгуусун жогорулатуу максатында инженердик-техникалык фестивалды уюштуруу демилгесин айтты.

Мындан тышкары, министр Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгы алдындагы иш-чаралардын алкагында Жаш окумуштуулардын эл аралык лагерине чет элдик белгилүү окумуштууларды тартууда кызматташууга чакырды.

Министр ошондой эле билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында окуучуларды жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоого багытталган акысыз платформаны өнүктүрүү боюнча биргеликте иш алып барууну сунуштады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар