Көрүлдү: 181
7–8-декабрь күндөрү онлайн видео көзөмөл форматында Румыния мамлекети өткөргөн INFO1CUP эл аралык информатика олимпиадасына 16 өлкөдөн( Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израиль, Италия, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия жана Өзбекстандан ) жалпы 189 окуучу катышты.
Бул мелдешке Кыргызстандан 8 окуучу катышып, өлкө намысын татыктуу коргоп, 7 медал жана 1 катышуучу сертификат менен жогорку жыйынтыктарга жетишишти.
Олимпиаданын жыйынтыктары:
🥇 Алтын медалдар:
● Абдирасулов Абдуллахан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби; тренери: Кылычбек Урайымов
● Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби; тренери: Кылычбек Урайымов
🥈 Күмүш медалдар:
● Джаныкеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби; тренерлери: Кылычбек Урайымов, Бексултан Алмазбеков
● Сыдыков Эмирхан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби; тренери: Евгений Кичак
🥉 Коло медалдар:
● Абдувалиев Бектен — 8-класс, International School of Kyrgyzstan; тренери: Мирбек Бакиров
● Исраилов Азирет — 9-класс, Intellect School; тренери: Медербек Осмонов
● Баимырзаев Аруубек — 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи; тренери: Медербек Осмонов
📜 Катышкандыгы үчүн сертификат:
● Мавлянов Актан — 9-класс, Intellect School; тренери: Медербек Осмонов
Кыргызстандык окуучулардын бул жетишкендиктери өлкөбүздө информатика жана программалоо багытында билим берүүнүн сапаты өсүп жатканын, таланттуу жаштарды даярдоо боюнча системалуу иштердин натыйжалуу жүрүп жатканын көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги медалга ээ болгон окуучуларды, алардын мугалимдерин жана ата-энелерин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы эл аралык олимпиадаларда дагы чоң жетишкендиктерге жетишүүгө тилектеш.