Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИШКЕКТЕ ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨР БОЮНЧА ФОРУМ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 262

2026-жылдын 23-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 90дон ашуун информатика мугалимдеринин катышуусунда “Санариптик көндүмдөр: өмүр бою билим алуу” аталышындагы форум өтүп жатат.

post.title

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева санариптик көндүмдөр жана технологиялар билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин белгиледи.

“Окуу процессин санариптештирүү — бул бир гана заманбап технологияларды колдонуу эмес, эң оболу мугалимдердин жана окуучулардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат”, — деди министрдин орун басары.

Форумдун алкагында катышуучулар санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы улуттук приоритеттерди, ошондой эле аларды билим берүү системасына системалуу киргизүүнүн эффективдүү ыкмаларын талкуулашат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар