Көрүлдү: 162
Бүгүн, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар 2025-жылдагы кызматташтыктын жыйынтыктарын жана 2026-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, мектепке чейинки, мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында жашыл көндүмдөрдү киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Министр билим берүү процессинде ар кандай предметтер аркылуу практикалык жана илимий ыкмаларды айкалыштыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле балдарда өз колу менен өстүрүлгөн азык-түлүктүн пайдалуулугу жана баалуулугу тууралуу түшүнүк калыптандыруу зарылдыгын белгиледи.
Демилгелердин катарында бала бакчаларда, мектептерде бакчаларды уюштуруу, дарактарды отургузуу, кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүү, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында кесиптик багыт берүүнү өнүктүрүү, ошондой эле экологиялык жана агартуу иш-чараларын өткөрүү маселелери айтылды.
ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев мектеп бакчаларын жана теплицаларды өнүктүрүүгө, колледждердеги окутуу ыкмаларын жаңылоого, ошондой эле азык-түлүктү үнөмдөө боюнча окуу материалдарын киргизүүгө багытталган долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Тараптар кызматташтыкты улантып, жакынкы күндөрү кезектеги жумушчу жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашты.