ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫН ӨТКӨРҮҮ ГРАФИКТЕРИ
Көрүлдү: 453
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылында окуучулардын республикалык олимпиадасынын өткөрүү графиктерин жарыялайт.
Олимпиада 4 этапта өткөрүлөт:
- I этап – мектептик (январь);
- II этап – райондук (февраль), аталган этап облустардын райондорунун, Бишкек шаарынын райондорунун жана райондук маанидеги шаарлардын деңгээлинде өткөрүлөт;
- III этап – облустук (февраль), бул этап облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын деңгээлинде өткөрүлөт;
- IV этап – республикалык (март).
Олимпиаданын III жана IV этаптары Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө республика боюнча бир учурда өткөрүлөт.
Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:
- Англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
- Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
- Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Олимпиадага катышуу үчүн акы алууга жол берилбейт.
Республикалык олимпиаданын негизги максаттары:
- Зээндүү окуучуларды айкындоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана изилдөө ишине кызыгуусун арттырууга шыктандыруу;
- Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган жогорку квалификациялуу, чыгармачыл мугалимдерди айкындоо жана шыктандыруу;
- Зээндүү балдарды тарбиялоого көмөктөшүү.
Бөлүшүңүз