Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ D Billions КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 433

Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүчү контентти даярдоого адистешкен D Billions компаниясынын өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Айрыкча мектепке чейинки билим берүү уюмдарында заманбап билим берүү материалдарын жана медиаресурстарды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар