Көрүлдү: 560
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 840 токтому менен бекитилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан төмөнкү кошумча билим берүү программалары лицензияланууга тийиш:
1. Саламаттык сактоо, анын ичинде салттуу (элдик) медицина жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
2. Өрт коопсуздугу жана жарандык коопсуздук, анын ичинде куткаруу иштери жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
3. Улуттук, аскердик жана жаза аткаруу иши жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
4. Жарандык жана кызматтык куралды коопсуз колдонуу эрежелерине окутуу программалары
5. Өнөр жай жана кооптуу өндүрүш объекттерин эксплуатациялоо жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
6. Диний билим берүү жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
7. Экстремалдык туризм жана альпинизм, анын ичинде өнөр жай альпинизми жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
8. Сулуулук индустриясы, косметология жана эстетика жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
9. Кен казуу өнөр жайы жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
10. Балдар жана чоңдор үчүн психология жана логопедия жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
11. Авиация жана космос жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
12. Тамак-аш азыктарын өндүрүү жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
13. Курулуш, монтаждоо жана оңдоо-курулуш иштери жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
14. Газ жана мунайгаз чарбасы жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
15. Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
16. Жыгач иштетүү, слесардык жана ширетүү өндүрүшү боюнча программалары (багыттар боюнча)
17. Электротехникалык өндүрүш жаатындагы программалары (багыттар боюнча)
18. Транспорт каражаттарын, кооптуу механизмдерди жана учуучу аппараттарды башкаруу менен байланышкан программалары (багыттар боюнча).
🏫 Эгерде жеке менчик мектеп же кесиптик лицей жогоруда көрсөтүлгөн программаларды ишке ашырууну кааласа, тиешелүү лицензияны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинен милдеттүү түрдө алууга тийиш.
📄 Жогорудагы тизмеге кирбеген, адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратпаган кошумча билим берүү курстары үчүн лицензия талап кылынбайт.
✔️ Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча билим алууну каалаган жарандарга билим берүү уюмунун тиешелүү лицензиясынын бар-жогун алдын ала текшерип, андан кийин гана курстарга жазылууну сунуштайт.