Көрүлдү: 602
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Бишкек шаарынын №87 жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили сабагы учурунда мугалимдин жүрүм-турумуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.
Агартуу министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштерди дароо баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул окуя Агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.
Агартуу министрлиги тарабынан республиканын ар бир мектебинде балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Мындан ары да бул багыттагы иштерди күчөтүү улантылат. Окуялардын алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөт.