Маалыматтык саясат сектору (МСС)
Маалыматтык саясат сектору (МСС)
МИНИСТР МАНАС РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 655

Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас районунда жарандарды кабыл алды.

post.title

Кабыл алууга келген жарандар негизинен жаңы мектеп куруу, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана спорт залга муктаждык маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле окуу китептерине байланыштуу суроолор айтылды.

Министр кайрылууларды угуп, маселелерди чечүү боюнча тиешелүү орун басарларына жана жооптуу кызматкерлерге жеринен тапшырмаларды берип, сунуштарды даярдоону тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар