Көрүлдү: 665
Бүгүн, 14-январда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Талас районуна караштуу Анарбек Солтонов атындагы жана Борош Жанузаков атындагы орто мектептерге күтүүсүз барды.
Министр Анарбек Солтонов атындагы мектептин көмөкчү чарбасы менен таанышып, окуучулар менен алардын билим алуусу жана жетишкендиктери тууралуу баарлашты. Ошондой эле мугалимдер жамааты менен билим берүү реформаларынын жүрүшү, «Алтын Казык» ноутбуктары менен сабак өтүү тажрыйбасы, Э-Күндөлүктүн иштеши, анын артыкчылыктары жана көйгөйлөрү боюнча пикир алышты.
Ал эми Борош Жанузаков атындагы мектепте министр жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу жана калдыксыз иш жүргүзүү боюнча иштер менен таанышты. Аталган мектепте сабиз менен пияздын кабыктары төгүлбөй, сөөлжандар аркылуу иштетилип, биогумуска айлантылат.
Мектепте кесиптик билим берүү системалуу уюштурулган. Окуучулар үчүн атайын ашкана мештери, муздаткычтар жана тоңдургучтар орнотулган. Балдар мында пицца жана шаурма даярдоону үйрөнүшөт.
Ошондой эле мектепте макулатура чогултулуп, пластик калдыктар өзүнчө бөлүнөт. Аны сатуудан түшкөн каражат мектептин керектөөлөрүнө жумшалат.