Көрүлдү: 377
Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейинин курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Лицейдин курулуш жана пландоо иштери менен таанышууга министр менен бирге Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинин директору Эмиль Рыскулов жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров барды.
Догдуркүл Кендирбаева “Акылман” лицейи өлкөнүн билим берүү тарыхында жаңы горизонт болуп, улуттук кадрларды даярдоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.
Анын айтымында, аталган билим берүү мекемесин президенттик лицей макамында ачуу Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси болуп саналат.
Министр лицейдин өзгөчөлүгүнө токтолуп, 12 жылдык билим берүүнүн алкагында кесипке багытталган окутуу жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын ичинде мектептин үчүнчү кабатында профилдик адистештирилген класстар ачылып, сантехник, ширетүүчү, ашпозчу сыяктуу кесиптер боюнча окутуулар уюштурулуп, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат. Бул сертификаттар окуучулардын түздөн-түз жумушка орношуусуна шарт түзөт.
Мындан тышкары, лицейде шаардагы мектептердин жана жакынкы айылдардын окуучулары билим алып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алышат.
Белгилей кетсек, билим берүү мекемесинин жалпы аянты 3 гектарды түзүп, долбоордун алкагында 920 орундуу мектеп жана 200 орундуу бала бакчанын курулушу каралган.