Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ БИЛИМ АЛЫП ЖАТКАН «ЭЛ ҮМҮТҮ» СТИПЕНДИАНТЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 743

Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын ээси Салижан Кылычбеков менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда чет өлкөдө эмгектенип, билим алып жүргөн кыргызстандык адистер менен байланыштарды бекемдөө, алардын тажрыйбасын жана билимин өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттоо, ошондой эле технология жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Учурда Оксфорд университетинде «Кванттык программалоо» адистиги боюнча докторлук диссертациясын жактап жаткан Кылычбеков чет өлкөлөрдө жүргөн адистер жана илимпоздор менен байланыш түзүп, Кыргызстанга багытталган долбоорлорду, инновациялык идеяларды жана стартаптарды тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Салижан Кылычбековго министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси жана өкүлү катары иш алып баруу мүмкүнчүлүгү берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар