Көрүлдү: 521
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жылдын жыйынтыгы боюнча «Замана» берүүсүнө берген маегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин санариптештирүү боюнча тапшырмалары толугу менен ишке ашканын билим берүү тармагындагы ири жетишкендик катары белгиледи.
Анын айтымында, быйыл биринчи жолу мектепке кабыл алуу процесси толугу менен автоматташтырылган санариптик система аркылуу жүргүзүлүүдө.
“Үйүңүздөн чыкпай эле баланы өзүңүз каттай аласыз. Система сиз жашаган аймактагы мектепти сунуштайт. Эгер ал мектепте орун калбаса, жакын жайгашкан башка мектеп көрсөтүлөт. Бул механизм “Түндүк” системасы аркылуу ишке ашырылды”, — деди министр.
Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, мектепти тандоо укугу ата-энеде, анткени баланын ПИН-коду ата-энеде гана болот. Бул ортомчулукка жол бербөөгө шарт түзөт. Көнгөн адат боюнча ортомчу болуп, акча алган учурлар катталып, алар катуу жазаланды.
Ошондой эле министр мугалимдерди кагаз иштеринен бошотуу максатында “Күндөлүк” электрондук күндөлүгүнө өттүк деп билдирди.
“Кыргызстандагы мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер “Күндөлүк” платформасы аркылуу байланышып, миллиондогон өз ара баарлашууларды жүргүзүп, окуучунун, класстын жана мектептин жетишкендиктерин көрө алышат. Ошол эле учурда бардык отчетторду да ошол жерден алууга мүмкүнчүлүк бар”, — деди министр.