Көрүлдү: 222
“2025-жылы 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн жаңы муундагы окуу китептери жарык көрдү. Жалпысынан быйыл 4 миллиондон ашуун окуу китеби мамлекеттик бюджеттин эсебинен 856 миллион сомго басылып чыгарылды. Учурда дагы окуу китептерин басып чыгаруу иштери уланууда”, — деди Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 30-декабрда, УТРКнын “Замана” берүүсүндөгү маегинде.
Министрдин айтымында, билим берүү системасындагы реформага кирген төрт класстын 30 миңдей мугалими жаңы муундагы окуу китептерин пайдалануу боюнча атайын окутуудан өткөн.
“Окутуулар мугалимдердин жаңы компетенттүүлүккө, билгичтикке жана көндүмдөргө ээ болушу үчүн өтө маанилүү. Анткени жаңы муундагы окуу китептери балдардын жаттап алуу же даяр фактологиялык билимди өздөштүрүүсүнө эмес, алардын логикалык ой жүгүртүүсүн, талдоо жана баалоо жөндөмүн, өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган”, — деп белгиледи ал.
Ошондой эле министр коштоочу материалдарга да өзгөчө көңүл бурулганын айтты.
“Окуучулар үчүн жумушчу дептерлер, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор даярдалды. Анда сабакты этап-этабы менен кандай өтүү керектиги үтүр-чекитине чейин көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда мугалимдерге билим берүү ыкмаларын тандоодо педагогикалык эркиндик берилген”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.