Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ТОП-5 ЖЕТИШКЕНДИГИ: МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ ИШТЕЛИП ЧЫГЫП, 50 МИҢДЕН АШУУН МУГАЛИМ ОКУТУЛДУ

Көрүлдү: 493

Жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык окутууга багытталган жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтому менен бекитилди.

post.title

Жаңы кабыл алынган мамлекеттик стандарт, предметтик стандарт жана окуу программаларынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн 21 жаңы программа иштелип чыкты, 105 программа жаңыланды.

Өлкө боюнча 50 миңден ашуун мугалим жаңы стандарттар, окуу программалары жана окутуунун заманбап ыкмалары боюнча, анын ичинде жаңы окуу китептерин колдонуу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоого болгон мамилелерди өзгөртүү боюнча окуудан өттү. Окутуулар онлайн жана офлайн форматында улантылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар