Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
Т. ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ ИНСТИТУТТА КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН КИЙИН СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНА АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 243

2025-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарындагы Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунун студенттик жатаканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу ачылышын өткөрдү.

post.title

Ачылышына Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашев, меценаттар, курулуш компаниясынын өкүлдөрү, институттун жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.

Министрлердин орун басарлары  жатакананы көрүп, студенттердин жашоо шарттары менен таанышып, жүргүзүлгөн иштерди жогору баалашты. Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева тарабынан ыраазычылык каттар жана сыйлыктар тапшырылды.

Жатакананы оңдоп-түзөө иштери студенттердин жашоо шарттарын жакшыртууга, коопсуздукту камсыздоого жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого багытталды. Ремонттун алкагында жашоо бөлмөлөрү, санитардык түзүлүштөр, инженердик коммуникациялар жана жалпы жайлар толугу менен жаңыланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар