Көрүлдү: 973
Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева тармактык орун басарлары менен бирге IV Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алып, алардын маселелерин угуп, суроолоруна жеринде жооп беришти.
Министрликке жалпы 350гө жакын кайрылуу келип түштү, алардын басымдуу бөлүгү аймактарда билим берүү уюмдарын курууга байланыштуу.
Белгилей кетсек, кабыл алуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, Курултайдын алдында бир катар маселелер каралып, делегаттар менен жолугушуулар өткөрүлдү.