Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
"WORLDSKILLS KYRGYZSTAN" ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРИНИН III ЧЕМПИОНАТЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ БОЛДУ

Көрүлдү: 335

2025-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында жумушчу кесиптеринин үчүнчү улуттук «WorldSkills Kyrgyzstan» чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

post.title

Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов быйыл кесиптик лицейлердин окуучулары бир катар эл аралык мелдештерге катышып, жогорку жетишкендиктерди көрсөткөнүн белгиледи.

Анын айтымында, Тайбэй шаарында өткөн WorldSkills Asia Taipei 2025 эл аралык чемпионатында «Ширетүү технологиясы» компетенциясы боюнча №28 кыргыз-орус кесиптик лицейинин бүтүрүүчүсү Мавланбек Исманов Кыргызстанды татыктуу деңгээлде таанытып, «Best of Nation» наамын алган.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын WorldSkills курама командасы алдыда Кытай Эл Республикасында өтө турган WorldSkills Shanghai 2026 эл аралык чемпионатына катыша турганын маалымдады.

«Эл аралык кесиптик компетенциялык сынактарга катышуу бүгүнкү күндө кадрларды даярдоонун заманбап стандарттарын киргизүүгө, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаштар арасында жумушчу кесиптерге болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт», — деди Альберт Махметкулов.

Мындан сырткары министрдин орун басары "WorldSkills Кыргызстан" коомдук фондуна, аталган кыймылды колдоп, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн, мелдештерди уюштурган жана эл аралык аянтчаларга катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө «WorldSkills» коомдук фондунун техникалык директору Максат Мамытов «WorldSkills Kyrgyzstan уюмунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары — негизги жетишкендиктер, эл аралык катышуулар, компетенциялардын жана өнөктөштүктүн өнүгүүсү» темасында презентация жасады.

Андан сырткары, Тайбей шаарында өткөн «WorldSkills Asia 2025», Актау шаарындагы «TurkicSkills 2025», Абу-Дабидеги «EmiratesSkills 2025» чемпионаттарынын катышуучуларына, окутуучуларына жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар