Көрүлдү: 687
2025-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы республикалык педагогикалык кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, өнөктөштөр ж.б. катышты.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө “Алтын Казык” мектептик билим берүү системасын трансформациялоо программасы деп жөн гана кооз ураан катары аталбаганын, ал өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн багытын аныктап, бардык реформалар үчүн туруктуу ориентир катары тандалганын белгиледи.
“Экономикалык, социалдык жана институционалдык реформалардын баарынын өзөгү – адамдык капитал. Реформалардын натыйжалуулугу жарандардын билим деңгээлине, ой жүгүртүү маданиятына, баалуулуктарына жана мүнөзүнө түздөн-түз көз каранды. Дал ушундан улам Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров стратегиялык багыттын жана анын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан бардык реформалардын өзөгүнө мектептик билим берүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү маселесин коюп, ага өзгөчө маани берүүдө.
Мектеп реформасы – бул жөн гана билим берүү тармагындагы реформа эмес, цивилизациялык реформа. 20-30 жылдан кийин жарандардын кандай инсан болуп калыптанары, коом кандай баалуулуктарга таянып өнүгөрү жана мамлекет кандай багытта өсүү жолуна түшөрү дал ушул реформа менен аныкталат”, – деди Эдил Байсалов.
Ал эми министр Догдуркүл Кендирбаева педагогикалык кеңешменин башкы максаты жүрүп жаткан реформанын жыйынтыктарын, көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо экенин айтты.

“Биз үчүн бул жыл чындыгында оор болду. Өзгөрүүлөрдү баары эле дароо кабыл ала бербейт, бирок алардын зарылдыгын баарыбыз түшүнөбүз. 12 жылдык окутууга этап-этабы менен өтүүнү улуттук деңгээлдеги адистер менен биргеликте ишке ашыра алдык. Ар бир директор жана мугалим менен бул жолду чогуу басып өттүк. Албетте, жолдун башында кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр болду, бирок биз аларды биримдикте системалуу жана натыйжалуу түрдө чечип келе жатабыз”, – деп билдирди министр.

Педагогикалык кеңешме Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп, 7 дубандын мугалимдерине жеткиликтүү болду. Ошондой эле мугалимдерден суроолор кабыл алынып, жооптор берилди.