Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
«WORLDSKILLS KYRGYZSTAN» ЖУМУШЧУ КЕСИПТЕРИНИН ҮЧҮНЧҮ ЧЕМПИОНАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫ

Көрүлдү: 403

2025-жылдын 24-декабрында Бишкекте «WorldSkills Kyrgyzstan» жумушчу кесиптеринин үчүнчү чемпионатынын ачылыш аземи өтөт.

post.title

Иш-чаранын максаты — WorldSkills эл аралык стандарттарын киргизүү, жаш адистерди колдоо, жумушчу кесиптердин имиджин бекемдөө жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу аркылуу Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү.

Ачылыш аземинин катышуучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министри,
  • Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары,
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары,
  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү, инновациялык технологиялар министринин орун басары,
  • Энергетика министринин орун басары,
  • WorldSkills Kyrgyzstan директорлору жана өнөктөштөрү.

Дата: 2025-жылдын 24-декабры
Убактысы: 9:00
Жери: «Конгресс» конференц-залы, Evropa мейманканасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 70

Байланыш: 996 700 321 100 Нурия Кийизбаева, КР Агартуу министрлигинин басма сөз катчысы

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар