Көрүлдү: 3117
2025-жылдын 16–19-декабрь күндөрү математика, физика, химия, биология, география, информатика жана англис тили предметтеринин мугалимдери үчүн онлайн форматта негизги тест сынагы өткөрүлдү.
Тестке жогоруда аталган предметтер боюнча жалпы 24 914 мугалим катышты. Анын ичинен:
Тесттин жыйынтыгынын негизинде мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Агартуу министрлиги тарабынан атайын модулдар иштелип чыгат. Ошондой эле мугалимдерге методикалык колдоо көрсөткөн борборлордун ишин заманбап талаптарга ылайык жаңылоо боюнча иштер пландаштырылууда.
Тест өткөрүүнүн негизги максаты – педагогикалык кызматкерлердин кесиптик стандарттардын талаптарын аткаруу деңгээлин аныктоо, мамлекеттик билим берүү стандартынын, табигый-илимий, математикалык жана гуманитардык (англис тили) багыттагы предметтик стандарттардын ишке ашырылышын баалоо, педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн пландоо, ошондой эле сабактарды даярдоодо жана өткөрүүдө, анын ичинде тесттик тапшырмаларды аткарууда, компьютердик техниканы колдонуу деңгээлин аныктоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, негизги тест Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан өткөрүлдү.