Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫ ӨЛКӨНҮН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНАН КЕЛГЕН 1100 БАЛАНЫ БИРИКТИРДИ

Көрүлдү: 892

Бүгүн, 19-декабрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1100 баланын катышуусунда президенттик балаты өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышты.

post.title

Агартуу министрлиги тарабынан өлкөнүн аймактарынан 490 бала келди. Катышуучулар ар түрдүү социалдык категориялардан, ошондой эле олимпиадаларда жана башка интеллектуалдык сынактарда ийгиликтерге жетишкен окуучулардын арасынан тандалып алынган.

Мамлекеттик катчы балдарды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктап, мамлекет башчысы иш сапары менен Японияда жүргөнүн белгиледи. Өз сөзүндө ал төмөнкүлөрдү айтты:

«Ар бириңердин ичиңерде улуттук бийик дем жана ата-бабалардан калган шык-жөндөм жашайт. Мына ошондуктан, ар бир күнүңөр билимге, изденүүгө, кыялданууга жана өнүгүүгө багытталсын! Жаңы жыл силерге ишеним, кубаныч, шыктануу жана илгери үмүт алып келсин».

Иш-чаранын алкагында балдар үчүн "Кесиптер шаары" аттуу театралдашкан музыкалык жаңы жылдык оюн-зоок тартууланып, жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар